Казакстандын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча рейтингде орду кандай?

Казакстандын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча рейтингде орду кандай?

Казакстан Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинин рейтингинде позициясын сактап калды. Дүйнөлүк экономикалык форумдун отчётуна ылайык өлкө 55-орунда турат. Мындан тышкары, айрым көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалууда. Тактап айтканда, «рыноктун үстөмдүк даражасы» көрсөткүчү боюнча 14 тепкичке көтөрүлүп, 70-орунга чыкты. «Кызмат көрсөтүү тармагындагы атаандаштык» көрсөткүчү боюнча өлкө 81-орундан 80-орунга жылды. Казакстанда бул жагынан олуттуу жакшыруу товар рыногунда таза атаандаштыкты коргоо жана бир катар административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен байланыштырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков