«Акмола облусунун тарыхый топонимдери» аттуу китеп-альбом жарык көрдү

«Акмола облусунун тарыхый топонимдери» аттуу китеп-альбом жарык көрдү

Казакстандын жер-суу жана калктуу пункттарынын байыркы аталыштарын жаңыртуу. Өткөндү эске алуу максатында «Акмола облусунун тарыхый топонимдери» аттуу китеп-альбом жарык көрдү. Илимий иш өлкөнүн мамлекеттик архивинин маалыматтарына жана Омск облустук тарыхый архивинин топографиялык карталарынын негизинде жасалган. Изилдөө материалдары 18-кылымдын экинчи жарымынан 20-кылымдын башына чейинки мезгилди камтыйт. Атап айтканда, көчүү документтери жана талаа генерал-губернаторлорунун жер-суу аталыштары боюнча буйруктары менен кызматтык каттардын көчүрмөлөрү талдоого алынган. Жыйынтыгында Акмола облусунун 64 калктуу конушунун тарыхый аталыштары аныкталды. Жалпысынан учурда аталган облустун өзүндө эле калктуу-конуштардын 40%нын аталыштары азыркыга чейин өзгөргөртүлгөн мааниде аталып жүрөт, дейт китептин автору Ирина Бекзат кызы. Ошондуктан бул ушул багыттагы изилдөө иштеринин башталышы экендигин айтат. Алдыдагы убакытта Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар облустарында дал ушундай изилдөө иштерин колго алуу көздөлүүдө.

Ирина Бекзат Кызы, Казакстандын Улуттук музейинин «Эл казынасы» гзи илимий кызматкери:

- Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө башка тилдерде көптөгөн аталыштар бар. Калктуу-конуштарыбыз башка тилде аталат. Алар өздөрүнүн байыркы казак тарыхый аталышына кайтып келиши керек деп эсептейбиз. Биздин изилдөөбүздүн максаты ушул. Келечекте биз изилдеп эле тим болбостон же жазып гана койбостон, республикалык ономастикалык комиссия бар, аларга сунуш иретинде берип көрөбүз. Эгер колдоо тапса, бул ысымдар байыркы тарыхый аталыштарды кайтары алат деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков