«Европа-Азия» тынчтык жана ынтымак жүрүшү Нур-Султандан башталат

«Европа-Азия» тынчтык жана ынтымак жүрүшү Нур-Султандан башталат

Казакстандын борбору «Европа-Азия» тынчтык жана ынтымак жүрүшүнүн баштапкы чекити болот. Делегация үстүбүздөгү жылдын теке айынын 3 жолго чыгат. Биринчи каттам төрт мамлекет аркылуу өтөт: Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Грузия. Кийинки бөлүгү АКШнын аймагын камтыйт, үчүнчүсү Алматыдан башталып, Индиянын Джаганапура шаарында аяктайт. Анда ар бир өлкөнүн желегин желбиретип, диндер аралык диалогдун жаңы концепциясын тартуулоо көздөлүүдө. Парадга Казакстандан 30 адам катышат. Белгилей кетсек, бул Тынчтык жана Ынтымак маршы 16-ирет өтөт.

Руслан Абдуллин, Эл аралык тынчтык жана ынтымак маршынын аткаруучу мүдүрү:

- Бул улуттук майрамга ар бир шаардан 10 миң адам катышат деп ойлоп жатабыз. Маалыматтык иш-чараны баштадык. Достук кербенди да даярдайбыз. Тынчтык жана ынтымак кербенине каалаган шаардан каалаган адам катыша алат. Бул улуттар ортосундагы бекем мамилени көрсөтөт деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков