Түркестандык багбандар лимон өстүрөт

Түркестандык багбандар лимон өстүрөт

Түркестан облусунун багбандары лимон өстүрүүнү колго алышты. Тропикалык жемиштердин жалпы аянты болжол менен 8 гектарды түзөт. Бирок цитрус жемиштерине кам көрүү оңой эмес. «Дыйкандар тажрыйба жүргүзүүдөн коркпойт, тескерисинче, экзотикага кызыгуу күч алууда», - дейт агроном Айдар Аисов. Багбан жакынкы 3 жылда 5 тонна лимон түшүмүн алууну көздөп жатат.

Айдар Аисов, агроном:

- Бир түптүн өзү эле 100-200 кг чейин түшүм берет. Аны жаш кезинде өстүрүү керек. Дарысын, суусун берип турса сонун болот. Өнүмдүн көбү Өзбекстандан келет. Сырттан эмес, өзүбүздөн чыкса деп ойлойбуз. Өзүбүздө көп болсо, ошончолук арзан болот. Чет өлкөдөн келгенде кымбат болот. Көчөттөрдү өзүбүз чыгарабыз. Көп адамдар алып, отургузабыз деп жатышат. Аларга биз жардам беребиз.

Серепчилер Өзбекстанга барып тажрыйба топтой турганын айтышат. Коңшу өлкө лимондун көчөттөрү менен гана бөлүшпөстөн, аны өстүрүү боюнча өзүнүн кеңештери менен бөлүшүүгө даяр.

Алайдар Амирханов, райондук айыл чарбачылыгы бөлүмүнүн башчысы:

- Дыйкандарды тажрыйба алмашуу, лимон чарбачылыгы жана башка өндүрүштүн түрлөрүнө тартуу максатында коңшу Өзбекстанга барып, тажрыйба алмашуу уюштуруп жатабыз. Үчтүн айынын башында биздин бир топ дыйкандар коңшу өлкөгө барып, лимон чарбасы менен таанышып кайтышты. Кантип өстүрүүгө болот, кандай кам көрүү керек, өндүрүш көлөмүн кантип көбөйтүү керек? Биз ушунун үстүндө иштеп жатабыз.

Учурда Түркестан облусунун айыл чарба башкармалыгында лимон чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жеңилдетилген субсидия маселеси каралууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков