Казакстанда чет элдик инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр каралат

Казакстанда чет элдик инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр каралат

Казакстанда чет элдик инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр каралат. Тышкы иштер министрлиги инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыкты. Тышкы иштер министри Премьер-министрге чет элдик капиталдын агымын стимулдаштыруу, чет элдик инвестицияларды тартуу жараянында административдик-укуктук тоскоолдуктарды жоюу жана инвесторлор менен өз ара коргоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү механизмдерин караган программа менен тааныштырды. Ошондой эле, Алихан Смаилов 2022-жылга өкмөттүн программасы боюнча ички иштер жана өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлеринин сунуштарын укту. Өз кезегинде ички иштер министри полициянын укуктук коргоо жана инфраструктурасынын объектилерин, материалдык-техникалык базасын түзүү зарылдыгын белгилеп, модулдук стационардык, участкалык милиция пункттарын куруу маселесин көтөрдү. Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри ички рынокто импортту алмаштыруу, турак-жай курулушун жана жолдордун сапатын жакшыртуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча реформаларды жүргүзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков