Казакстандын батыш аймактарын өнүктүрүүгө 15,3 триллион теңге бөлүнөт

Казакстандын батыш аймактарын өнүктүрүүгө 15,3 триллион теңге бөлүнөт

Өлкөнүн батыш аймактарын өнүктүрүүгө 15,3 триллион теңге жумшалат. Республикалык бюджеттен 1,7 триллион теңге бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында Улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди. Бул каражат Атырау, Актөбе, Батыш Казакстан жана Маңгыстау облустарында бир катар долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Атап айтканда, Актөбеде альтернативдик энергия булактарын өнүктүрүүгө, күлбото өндүрүшүнө, айылды газдаштырууга, жол курууга, турак жай жана мектеп курууга артыкчылык берилет. Атырауда жаңы өнөр жай аймагы курулуп, айыл чарба объектилери өнүгөт. Ал эми Актауда жаңы мунай-химия комплексин салуу жана башка иш-чаралар мерчемделген. Бул комплекстүү пландар 2025-жылга чейин ишке ашырылышы керек. Белгилей кетсек, бул өз кезегинде 175 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Документтер негизинен бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууга багытталган. Бул абдан туура кадам деп белгилегим келет. Эң негизгиси, облустун эли мүмкүн болушунча оң өзгөрүүлөрдү сезип, келечекке ишеним менен карап, иштеп, киреше таап, бизнесин өнүктүрүп, жакшы дарыланып, сапаттуу билим алууга тийиш. Калктын турмуш деңгээлин, сапатын олуттуу түрдө жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков