Улуу Британиянын ЕККУ алдындагы миссиясы Казакстандагы абалды талкуулады

Улуу Британиянын ЕККУ алдындагы миссиясы Казакстандагы абалды талкуулады

Британиянын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) миссиясы президент Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандагы үчтүн айынын окуясы учурундагы аракеттерин жогору баалады. Тактап айтканда, элчи Нил Буш президенттин эл алдында сүйлөгөн сөзүндө тынч демонстранттар менен уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы айырманы так белгилегенин айтты. Кылмыштуу топтордун максаты конституциялык бийликти кулатуу болгон жана бул маселе тыкыр иликтөөнү талап кылат, дейт өз сөзүндө дипломат.

Нил Буш, ЕККУнун алдындагы Улуу Британиянын туруктуу өкүлү, элчи:

- Биз Казакстандын президентинин мындай болуп көрбөгөн окуянын себебин аныктоо үчүн иликтөө комиссиясын түзүү чечимин колдойбуз. Биз казак бийлигине бул тергөөлөрдүн натыйжалуу жана ачык болушуна ошондой эле, алар казак элинин ишенимине ээ болушуна колдоо билдиребиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков