Өкмөт Президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча комплекстүү чараларды кабыл алды

Өкмөт Президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча комплекстүү чараларды кабыл алды

Өкмөт үчтүн айындагы коогалаңдын кесепеттерин жоюу жана өлкөнү мындан ары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун үстүндө иштеп жатат. Тактап айтканда, буга чейин «Казакстан калкына» коомдук социалдык фонду түзүлүп, ага ата мекендик ишкерлер 20 миллиард теңгеден ашык акча которгон. Укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун чыңдоого каражат бөлүндү. Ички иштер бөлүмдөрүнө 457 патрулдук унаа жана 70 автобус жеткирилди. Тополоңдо жабыркаган жарандарга жана юридикалык жактарга банк алдындагы карыздарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү берилди. Өкмөттүк комиссия тополоңдо ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу механизмин бекитти. «Жасыл Даму» мамлекеттик ишканасы утилизациялык алымдарды өндүрүү боюнча оператор болуп дайындалды, анын 100% мамлекетке таандык. Электрондук соода платформасындагы газ соодасы 2023-жылдын үчтүн айынын 1не чейин жылдырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков