Казакстанда карантин чаралары масштабдуу түрдө жеңилдетилди

Казакстанда карантин чаралары масштабдуу түрдө жеңилдетилди

Казакстанда ишкердик субъекттери үчүн карантиндик жеңилдиктердин кеңири спектри кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Министр президенттин үчтүн айынын 21деги тапшырмасын ишке ашыруу максатында мекемелер аралык комиссиянын отурумунда ишкердик субъекттерине чектөөлөрдү азайтуу жолдору каралып, бекитилгенин билдирди. Биринчи кезекте бизнес объектилеринде «Ашык» долбоорун андан ары ишке ашыруу улантылат.

Ажар Гиният, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Жашыл жана көк макамы бар жарандарды киргизген бардык аймакта, бардык объектилерде жумуш убактысы боюна чектөөлөр алынып салынды. Эпидемиологиялык тобокелдик аймагына карабастан салтанаттар, эскерүү иш-чаралары, спорттук иш-чаралар, көргөзмөлөр, форумдар ашыктагы жашыл макамын пайдалануу менен гана чектөөлөрсүз өткөрүлөт. Ал эми спорт комплекстеринин, дарылоо жана диний объектилердин, соода оюн-зоок объектилеринин кызматына чектөө коюлбайт.

Тармак жетекчиси ошондой эле өлкөдө пандемия башталгандан бери бизнестин бардык тармактарында карантиндик чаралар мынчалык кеңири спектрге ээ болбогонун белгиледи. Мисалы, көк макамы бар жарандарга уруксат берген бир катар объектилер үчүн – жашыл зонада чектөөлөр толугу менен, сары зонада – 70%га чейин, кызыл зонада – 60%га чейин алынып салынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков