Казакстандык экспорттоочуларды колдоо программасы

Казакстандык экспорттоочуларды колдоо программасы

Чакан жана орто бизнести колдоо басымдуу багыттардын бири. Үчтүн айынын 25де Казакстанда «Экспорттук акселерация – 2022» программасына тандоо башталат. Ага катышуу үчүн унаа жасоо, химия, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле, кызмат көрсөтүү тармактары сыяктуу 190 ата мекендик ишкана тандалып алынары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, бул казакстандык экспортчуларды колдоо жана алардын товарлары менен кызматтарын рынокко чыгаруу боюнча жылдык программа. Үчүнчү долбоор быйыл 2025-жылга чейин мерчемделген. Ошондой эле, жыл сайын казакстандык өнүмдү сатуу жана тааныштыруу боюнча айрым өлкөлөрдүн тизмеси аныкталат. Бул мамлекеттерге Орусия, Украина, Азербайжан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы кирет. Программа 2020-жылы биринчи жолу ишке киргенден бери катышуучу компаниялар 150 миллион долларга жакын келишимге кол коюшту. Алардын арасында Made in KZ өнүмүн Орусиянын, Кытайдын жана Борбордук Азиянын рынокторуна жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишимдер бар.

Асылжан Кадим, «QazTrade» АК Талдоо жана консалтинг департаментинин мүдүрү:

- Экспортту тездетүүнүн алкагында ишканалар менен сунуштамаларды иштеп чыгуу, экспорттук дараметти диагностикалоо жана рыноктун талаптарына ылайык өнүмдөрдү даярдоо, соода-экономикалык миссияларга катышуу жана сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Программа үчүнчү жылдан бери ишке ашырылып жатат. Программага өнүм чыгарууну көбөйтүү үчүн материалдык жана эмгек ресурстары менен даяр өнүмдү чыгаруучу ишканалар катыша алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков