А. Мухамедиулы «Великие матери выдающихся личностей» аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү

Алп энеден төрөлөт. Казакстанда белгилүү инсандарды жарык дүйнөгө алып келген улуу энелер жөнүндө китеп жарык көрдү. Чыгарма коомчулукка Борбордук байланыш кызматында тааныштырылды. Басылма дүйнөдөгү эң күчтүү адамдарды жарык дүйнөгө алып келген, бапестеп өстүргөн, аларды тарбиялаган жана алардын жашоосуна оң таасирин тийгизген апалар жөнүндө баалуу маалыматтар камтылган. Жыйнакта казакстандык, ошондой эле дүйнөгө белгилүү саясатчылардын, спортчулардын жана башка да тарыхый инсандардын энелеринин тарыхы жазылган. Мисалы, Казакстандын Биринчи Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин энеси, Владимир Путиндин, америкалык ойлоп табуучу Томас Эдисондун жана башка да көптөгөн белгилүү адамдардын жашоосу тууралуу баяндалган. Эмгек азыркы учурда Алматы шаарында 2000 нускада басылып чыкты.

АРЫСТАНБЕК МУХАМЕДИУЛЫ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ, ПРОФЕССОР:

 - Чындыгында, биз белгилүү адамдардын образдары аркылуу энелеринин образын көрсөтө алабыз. Анткени, алар оор мезгилде төрөлгөн катардагы балдар болгон. Мисалы, белгилүү Альберт Эйнштейн бала кезинде сүйлөй алган эмес, бирок энесинин чыныгы сүйүүсүнүн жана өжөрлүгүнүн аркасында азыркы учурда Эйнштейндин ысымы  дүйнө жүзүнө белгилүү болуп калды.

МАЙЯ БЕКБАЕВА, КЭА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ, «QAZAQ TV» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Бул китепти мен энелерге, келечектеги жана азыркы энелерге окууга кеңеш берем. Мисалы, Бен Карсон, Мухаммед Али, Томас Эдисон, Менделеев, Ататүрк, Шарль де Голь сыяктуу инсандардын тарыхын, окуй баштасаңыз, анда сиз тарбияны байкайсыз. Башкача айтканда, позициясы күчтүү адамды билесиз. Албетте, бул эмгекте  дүйнөнү эркектер башкарат, бирок алп энеден төрөлө тургандыгын үйрөтөт.