ТИМ: Европарламентинин Казакстанга байланыштуу кабыл алган резолюциясы обьективдүү эмес

ТИМ: Европарламентинин Казакстанга байланыштуу кабыл алган резолюциясы обьективдүү эмес

Өлкөдөгү кырдаал боюнча Европарламент кабыл алган резолюция бир жактуу жана объективдүү эмес. Мындай жыйынтыкка таянып Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Министрлик үчтүн айындагы окуяга объективдүү баа берилбей жатканына тынчсыздануусун билдирди. Башкача айтканда, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча мындай документтерди кабыл алуу негизсиз деп эсептелет. Резолюциянын долбоорун иштеп чыгууда Европарламенттин депутаттары расмий адамдардан эч кандай кеңири маалымат жана түшүндүрмө сурашкан жок. Министрлик Казакстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары мыйзамдуулукту камсыздоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы милдеттерин толугу менен сактай турганын эскертти. Казакстан глобалдык жана аймактык коопсуздук жараянына, анын ичинде эл аралык терроризмге каршы күрөшкө чоң салым кошуп келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков