Казакстандын улуттук курамысынын олимпиадалык формасы тааныштырылды

Казакстандын улуттук курамысынын олимпиадалык формасы тааныштырылды

Казакстан курама командасынын Бээжин оюндарына кийген формасы коомчулукка сунушталды. Бул жолку форманын негизги өзгөчөлүгү өлкө тарыхында биринчи жолу экипировкада өлкөнүн аты казак тилинде «Qazaqstan» деп жазылды. Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Айгерим Токсанбектин айтымында кийим тигүү жараянына спортчулар өздөрү катышканын билдирди. Улуттук курама команданы Олимпиадага даярдоого бир жылдан ашык убакыт кетти.

Айгерим Токсанбек, Казакстан Улуттук Олимпиада комитетинин басма сөз катчысы:

- Бул жерде биз форманы даярдап жатканда бардык адистер спортчулардын пикирлерин эске алышты. Себеби, кийимдер спортчулар үчүн атайын даярдалып тигилген. Андыктан машыгуу учурунда, Олимпиада оюндары маалында же башка убакта кийгенге оңой, саркеч жана ыңгайлуу болушу үчүн спортчулардын өздөрүнүн аталган формага байланыштуу пикирлери, сындары жана сунуштары форма даярдалып жаткан учурда адистерге алдын ала айтылып, жумуш эки жаатта жүрдү.

Ошондой эле, Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү учурда спортчулар чоң мелдештин алдында жыйынтыктоочу машыгууларды өткөрүп жатканын билдирди. Учурда коронавирустун жаңы штаммы күч алып турган маалда Нур-Султан жана Алматы шаарларында спортчулардын ден соолугун коргоо жана эпидемияны жайылтпоо үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Айгерим Токсанбек, Казакстан Улуттук Олимпиада комитетинин басма сөз катчысы:

- Спортчулар бул жерде карантинде экенине карабастан машыгуусун токтотпой, улантып жатышат. Нур-Султан шаарында карантинде шорт-трек жана коньки тебүү боюнча спортчулар Алау муз аянтчасында машыгып жатышат. Ушундай эле режимде Алматы шаарында да бир нече курама командалар карантиндик режимде машыгуусун улантышууда. Алматыга негизинен тоо спортуна байланыштуу спорт түрлөрүнүн спортчулары чогулган.

Белгилей кетсек, Казакстандын курама командасы Пекинге үчтүн айынын 27де жөнөп кетет. Кышкы Олимпиада оюндары бирдин айынын 4нөн

башталып, төрт жылдыктын негизги мелдешинде спортчулар 109 комплект медаль үчүн ат салышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков