Сенат стандарттуу үлгүлөрдү жасоо жана колдонуу боюнча келишимди ратификациялады

Сенат стандарттуу үлгүлөрдү жасоо жана колдонуу боюнча келишимди ратификациялады

Сенат заттар менен материалдардын курамынын стандарттык үлгүлөрүн иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Документ товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ата мекендик экспорттоочуларга жана жеткирүүчүлөргө кошумча тестирлөө жана изилдөөлөрсүз мамлекеттер аралык стандарттарды колдонууга мүмкүндүк берет. Бул ратификациялоо метрология тармагындагы өлчөөлөрдүн жыйынтыгына ишенимди арттырып, казакстандык өнүмдүн сапатын жана коопсуздугун камсыздайт дешет. Ошондой эле ишкерлер убактысын жана каражатын үнөмдөй алышат.

Маулен Ашимбаев, Казакстан Республикасы Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Заттар менен материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттуу үлгүлөрүн иштеп чыгуу жана колдонуу экономикабыз үчүн мааниси зор. Бүгүн кабыл алынган келишим катышуучу мамлекеттер ортосунда бул багытта макулдашылган иштерди аткарууну көздөйт. Келечекте бул документ бизнеске административдик жүктү азайтууга кызмат кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков