Кытай менен Борбордук Азия экономикалык жана соода байланышын кеңейтүүгө ниеттенүүдө

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Кытай мамлекеттери туруктуу экономикалык байланыштарды өнүктүрөт. Анын ичине санариптик экономика, жасалма интеллект, акылдуу шаарлар жана жалпы социалдык көйгөйлөрдүн бардыгы камтылган. Бул тууралуу биринчи Кытай-Борбор Азия форумунун катышуучулары билдирди.

Ван Вэньтао, Кытай Эл Республикасынын Соода министри:

- Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен жакырчылыкты кыскартуу, коронавируска каршы эмдөө жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташууну улантат. Биз ар тараптуу тажрыйба үчүн Шанхай кызматташтык уюму жана Дүйнөлүк соода уюму менен байланыштарыбызды кеңейтүүнү каалайбыз.

Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү да Кытай Эл Республикасы менен кызматташууга кызыкдар. Жашыл экономикага, финансыга жана инфраструктурага артыкчылык берилет.

Роман Скляр, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары:

- Кытай Казакстандын эң маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Биз энергетика, транспорт жана чек арадагы электрондук соода тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө ниеттенип жатабыз.

Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министри:

- Акыркы бир нече жылда Кытай экономикасынын тез өнүгүп жатканына күбө болдук. Кыргызстан Кытай менен санариптик экономика жана экологиялык жактан өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдеп, эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу багытында иш алып барат.

Белгилей кетсек, Кытай мындан 30 жыл мурун Борбор Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Бул убакыттын ичинде Кытай Эл Республикасы менен аймактар ортосундагы сооданын көлөмү жүз эсеге өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков