Казакстанда утилдик төлөмдү алуу боюнча баалар бирдин айында бекитилет

Казакстанда утилдик төлөмдү алуу боюнча баалар бирдин айында бекитилет

Утилдик төлөмдү алуунун жаңы нормалары ушул жылдын бирдин айынын аягына чейин каралып, бекитилет. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Аталган мекеме президенттин тапшырмасы менен пайдалануу коэффициенттерин кайра карап чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи. Жыйынтыгы тиешелүү министрликтин сайтына жайгаштырылат. Бул кызмат үчүн учурдагы төлөмдүн баасы Жашыл өнүгүү операторуна төлөнөт. Эске сала кетсек, аталган акционердик коом «ӨКМ оператору» кызматына жооптуу. Ал Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигине баш ийген уюм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков