«Самрук-Казына» фондун реформалоо боюнча кеңеш өттү

«Самрук-Казына» фондун реформалоо боюнча кеңеш өттү

Премьер-министр Алихан Смаилов Самрук-Казынаны реформалоо боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында фонддун ишинин натыйжалуулугун, ачыктыгын жогорулатуу жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы айтылды. «Самрук-Казына» ААК башкармалыгынын төрагасы, улуттук экономика министри жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери түзүмдү модернизациялоонун жолдору тууралуу сөз сүйлөштү. Премьер-министр сунушталган иш-чаралардын үстүндө мындан аркы иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков