2022-жылы билим гранттарынын саны 5 миңге артат

2022-жылы билим гранттарынын саны 5 миңге артат

Быйыл абитуриенттер үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын саны дагы 5 миңге көбөйөт. ЖОЖдо акысыз билим алууга мүмкүндүк берген гранттардын жалпы саны 61 миңге жетет. Алар студенттер арасында суроо-талапка ээ болуп, коомго керектүү адистиктерге бөлүнөт. Ошондой эле көп балалуу, толук эмес үй-бүлөлөрдөгү жана аз камсыз болгон өзгөчө муктаждыктагы балдар үчүн квоталардын санын көбөйтүү көздөлүп жатат. Жалпысынан 2025-жылга карата билим берүү гранттарынын саны акырындык менен дагы 15 миңге көбөйөт. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы. Президенттин колдоосу менен ата мекендик мектептердин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик казынанын эсебинен окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, — деп билдирди Билим берүү жана илим министрлиги.

Которгон: Илгиз Жамалбеков