Болат Жамишев: «Казакстан калкына» фондунун бардык иштери ачык-айкын болот

Болат Жамишев: «Казакстан калкына» фондунун бардык иштери ачык-айкын болот

«Казакстан калкына» фондунун бардык иштери ачык-айкын болот. Бул тууралуу анын жетекчиси Болат Жамишев билдирди. Башкармалыктын төрагасы фонд кандай кирешеден түзүлөөрүн түшүндүрүп, ал жакка казакстандыктардын «көмүскө» кирешеси которулат деген имиштерди жокко чыгарды.

Болат Жамишев, «Казакстан калкына» фондунун төрагасы:

- Кээ бир төлөөчүлөр кирешесин жашырып жатат, башкача айтканда көмүскө бизнеске инвестиция салууга мажбур деген кептерди да уктум. Бул туура эмес түшүнүк деп ойлойм. Анткени, маңдай тер менен табылган акча гана адал, ошондуктан башка булактардан түшкөн акчага түзүлгөн фонд менен эч бир эл аралык уюм иштегиси келбей турганы чындык. Батыш компаниялары мындай мыйзамсыз каражаттардын эсебинен фонд түзгөн компаниялар менен такыр кызматташпайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков