«ӨКМ Оператору» утилизациялык төлөм алууну токтотту

«ӨКМ Оператору» утилизациялык төлөм алууну токтотту

«Оператор ӨКМ» уюму мындан ары утилизациялык акы албайт! Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды. Ишкананын мүлкү мамлекеттин менчигине өттү. Белгилей кетсек, беш жыл ичинде утилизациялык алым боюнча төлөмдүн жалпы суммасы 614 миллиард теңгеден ашкан.

Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген милдеттенмелерин тескөө функцияларын аткаруу мамлекеттик уюм – «Жасыл Даму» ААКсына өткөрүлүп берилди - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Эске салсак, казакстандыктар көптөн бери өлкөдө катталган авто унаалардан утилизациялык төлөм ала тургандыгына каршы болуп, тиешелүү петицияны баштап, ага 200 миңдей адам кол койгон. Серепчилер алымдын өлчөмү көлөмү 100 миң теңгеден ашпашы керек деп эсептешет. Бирок алар анын тарифтери кайра каралганы менен, авто унаалардын арзандашы күмөн экенин болжолдошот.ф

Эдуард Эдоков, көз карандысыз авто унаалар союзунун төрагасы:

- Тилекке каршы, азыркы тенденциялар боюнча унаалардын баасы жалпысынан жылына 15% дан 30% га чейин өсүүдө. Баалар баары бир дагы өсө берет. Бул дүйнөдөгү жалпы экономикалык кырдаалга, металлга болгон баанын өсүшүнө байланыштуу. Буга электроника жана тетиктердин жетишсиздиги себеп. Бирок утилизациялык төлөмдүн төмөндөшү алардын мурдагыдай тез өсүп кетишине мүмкүндүк бербейт.

Арсен Шакров, «Жалпы жол» жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо ассоциациясынын президенти:

- Утилизациялык төлөмдү алып салуу менен эски унааларды алып келүү маселеси чечилбейт. Башкача айтканда, жарандарыбызга жаңы унаа сатып алуу үчүн сапаттуу жөнөкөйлөштүрүлгөн программаларды түзүшүбүз керек. Биздин милдет – өлкөбүздүн жарандары жаңы унааларды сатып алууда мамлекет аларга каржылык жактан жардам берет деген ойду калыптандыруу. Мындан тышкары, биздин максат -көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдетилген программаларды түзүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков