ЕАЭБ мамлекеттери электр энергетикалык рынок түзөт

ЕАЭБ мамлекеттери электр энергетикалык рынок түзөт

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр жалпы электр энергиясынын рыногун түзүүгө ниеттенүүдө. Буга байланыштуу тармактык бөлүмдүн башчысы Болат Акчолаков Казакстан парламенти Мажилисинин жыйынында тиешелүү протоколду бекитүүнүн экономикалык жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, документте өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизе турган жаңы эрежелердин кабыл алынышы күтүлүүдө. Ошондой эле Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген өлкөлөрдүн жалпы системасын түзүү Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын электр энергиясынын улуттук рынокторун интеграциялоо аркылуу ишке ашарын белгиледи. Башкача айтканда, өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын балансы сакталат. Мындан тышкары, серепчилер ар бир мүчө мамлекетке тең укуктуулуктун, өз ара кирешенин жана финансылык зыян келтирбөөнүн негизинде кызматташуу үчүн шарттарды түзүшөт.

Болат Акшолаков, Казакстандын Энергетика министри:

- Бул жерде экономикалык эффективдүүлүккө келе турган болсок, Казакстандын энергетика системасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн мүчө өлкөлөр жана коңшу мамлекеттер менен кызматташуунун туура жана так эрежелердин болушу зарыл. Бул түздөн-түз баанын өсүшүнө алып келбейт. Анткени анда ушуга багытталган эрежелер каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков