Дагы 70 казакстандык ишкер өз өнүмдөрүн Alibaba платформасында жарнамалай алат

Дагы 70 казакстандык ишкер өз өнүмдөрүн Alibaba платформасында жарнамалай алат

Быйыл дагы 70 казакстандык ишкер Alibaba эл аралык соода платформасында өз өнүмдөрүн жарнамалай алат. «Алтын жеткирүүчү» макамы кардарларды табуу жана тартуу үчүн рыноктун бардык функционалдуулугун колдонууга мүмкүндүк берет. Келерки жумадан баштап чийки эмес өнүмдөрдү жеткирүүчүлөр арасында тандоо болот. Экспортчуларды эл аралык соода аянтчасына алып чыгуу боюнча программанын оператору – QazTrade (kaztrade) соода саясатын өнүктүрүү борбору. Белгилей кетсек, учурда Alibaba менен 150 казакстандык компания иштешип жатат. Бүгүнкү күндө бул компаниялар менен экспорттук келишимдер 120 миллион долларды түзөт. Жалпысынан рынокто 4 миңге жакын казакстандык товар сунушталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков