Рыбакина Australian Open мелдешинде Диясты утту

Рыбакина Australian Open мелдешинде Диясты утту

Елена Рыбакина Австралиянын ачык чемпионатында Казакстан дербисинде Зарина Диясты утуп, чоң шлемдин экинчи айлампасына өттү. Таймаш үч раундда уланып, биринчи жана экинчи сеттерде спортчулар бирдей упайга ээ болушту. Чечүүчү үчүнчү оюнда анын атаандашы Зарина 1:6 эсебинде утулуп калды.

Эске салсак, Елена Рыбакина дүйнөнүн эң күчтүү теннисчилеринин тизмесинде 12-орунда турат. Эртең ал кытайлык Чжан Шуай менен беттешет. Бул беттештин жеңүүчүсү мелдештин үчүнчү раундуна чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков