Казакстанда мониторингдик топтордун иши жанданат

Казакстанда мониторингдик топтордун иши жанданат

Казакстанда эпидемиянын кескин начарлашына жана коронавирус менен ооругандардын санынын көбөйгөнүнө байланыштуу мониторинг топторунун иши жанданат.

«Биз мындай абал болорун алдын ала болжолдогонбуз, эң негизгиси бүтүндөй аймактагы эпидемиологиялык абал тыкыр көзөмөлгө алынышы керек. Бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо сыяктуу негизги сактык чаралары катуу сакталышы зарыл. Санитардык талаптарга кайдыгер мамиле кылуунун аягы илдеттин дагы да көбөйүшүнө алып келерин эл түшүнүшү керек. Ошондуктан мониторинг топторунун ишин жандандыруу кажет», – деди өкмөт отурумунда Премьер-Министр Алихан Смайылов.

Премьер-министр мониторинг жүргүзүүчү топторго бейтаптарды өз убагында обочолоп, адамдардын көп жыйналышына жол бербөө керектигин тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков