Байыркы кош кылдуу домбра

Байыркы кош кылдуу домбра

Кош кылдуу же «Коссаз» домбра. Бул дүйнөдөгү эң байыркы музыкалык аспаптардын бири. Түп нускасы Орусиянын Чыгыш таануу музейинин фондунда сакталып турат. Анын көчүрмөсү Кызылорда облусттук музейине коюлган. Окумуштуулардын айтымында, өткөн кылымдын 70-жылдарында Хорезм экспедициясынын олжосуна айланган баалуу экспонат биздин замандын IV кылымына таандык.

Айгерим Беккулиева, облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин бөлүм башчысы:

- Белгилүү археолог Азилхан Тажекеев Орусия Федерациясынын Чыгыш музейинде болуп, атайын изилдөө иштерин жүргүзүп, домбраны колго чогулткан. Ал чоң жаңылык жасады. Бул «Баба домбра» деп аталат. Бул буюм Сырдарыя өлкөсүнөн табылгандыктан, аталган өлкөнүн музейинде Кызылорда облусунун күзгүсү катары облустук музейде сакталып туруу керек деп чечтик.

Убагында археологдор Монголиядан табылган байыркы аспап биздин замандын 7-кылымына таандык экенин айтып, Сырдарыя өлкөсүндөгү кош кылдуу аспаптын тарыхы мындан үч кылым мурунку экендиги эске алынып Баба домбра дегенге толук негиз бар дешет. Бул тууралуу Азилхан Тажекеевдин илимий басылмасына норвегиялык илимпоздор да кызыгышып, өздөрүнүн изилдөөлөрүнө кошкон.

Азилхан Тажкеев, тарых илимдеринин кандитаты, PhD доктор:

- Бул макала жогорку даражалуу журналга жарыяланган. Бул жөнүндө Израилдин жана Англиянын гезиттери ар тараптуу жазып жатышат. Бул макалалардан Сантон Ху кыштагындагы лиранын атасы табылганын көрөбүз. Дал ошонун түп нускалары чыгып жатат. Азыр маалымат каражаттары муну Казакстандын аймагынан 4000 чакырым алыстыкта деп жазып жатышат. Бул бир жагынан биздин жерибизден табылган экспонаттын Европа менен байланышы бар экендигинин дагы бир далили деп айтууга болот.

Мындай баалуу экспонаттардын саны алдыдагы убакытта көбөйүшү мүмкүн. Анткени Орусиянын илимий борборлору менен музейлеринде кеңири изилдөөнү талап кылган 700дөй жыгачтан жасалган буюмдар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков