Казакстандын ТИМде инвесторлор үчүн ишеним телефону иштеп жатат

Казакстандын ТИМде инвесторлор үчүн ишеним телефону иштеп жатат

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде учурда иштеп жаткан инвесторлор үчүн ишеним телефону иштеп жатат. Үчтүн айынын окуясы башталгандан бери серепчилер ар бир аманатчы менен жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкөдөгү кырдаал боюнча эң актуалдуу маалыматтарды берүүдө.

Ардак Зебешев, Казакстандын ТИМ Инвестициялар комитетинин төрагасы:

- Акыркы күндөрдө болгон окуялар Казакстандын аброюна олуттуу доо кетиргени ырас. Учурда Тышкы иштер министрлиги «KAZAKH INVEST» Улуттук компаниясы менен биргеликте инвесторлор менен түз байланышта массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өлкөдөгү азыркы кырдаалды, көрүлүп жаткан чараларды тактоо керек. Тактап айтканда, бизде 620-620 ишеним телефону иштеп жатканын белгилеп кетким келет, анда инвесторлордун арыздары күнү-түнү кабыл алынып, ыкчам түрдө чечилүүдө.

Мамлекеттик туура саясат өлкөнүн тышкы имиджине тийгизген таасирин жумшартып, чет элдик инвестициянын сыртка агып кетүүсүнө бөгөт койду. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул коогалаңдуу мезгилде өлкөдөн бир дагы инвестор кеткен жок.

Ержан Казыхан, Казакстандын Президенти администрация башчысынын орун басары:

- Окуяны иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Алдыдагы убакытта биз комиссиянын ишинин жыйынтыгын эл аралык өнөктөштөр жана дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшөбүз.

S&P Global агенттигинин маалыматы боюнча, Казакстандын насыялык рейтинги мурдагы деңгээлин сактап калууга мүмкүндүгү бар. Айта кетсек, үчтүн айындагы окуядан кийин Казакстандын экономикасынын жоготуулары 2,5 миллиард долларга бааланган. Буга тартипсиздик, интернетти өчүрүү сыяктуу чаралар себеп болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков