Даурен Абаев: ЖККУ бейпилдик күчтөрү аскерий аракеттерге катышпайт

Даурен Абаев: ЖККУ бейпилдик күчтөрү аскерий аракеттерге катышпайт

ЖККУнун аскерлери согуштук аракеттерге катышпайт жана террористтерди жок кылуу менен алектенбейт. Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Даурен Абаев бейпилдик күчтөрү конкреттүү эмне менен кылаарын айтып берди. Анын айтымында, алар коопсуздук жана күзөтүү кызматтарын гана аткарышат.

Урматтуу мекендештер!

Биз бардыгыңыздарды Алматыдагы жана өлкөнүн башка аймактарындагы кырдаал абдан тынчсыздандырып жатканын жакшы билебиз. Бүгүнкү күндө коомчулук көптөгөн суроолорду түшүнүп, аларга жооп алууну каалайт.

Тилекке каршы, азыр бардык окуялардын чоо-жайын жайып салуу мүмкүн эмес. Көптөгөн маалыматтар аныкталып, такталууда. Андыктан, тергөө органдары тарабынан текшерилип, такталган маалыматтарды сиздерге дароо жеткирип жатабыз. Бул өлкөнүн бардык аймактарында интернетти калыбына келтирүү маселесине да тиешелүү.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Алматыда нааразылык акциялары үчтүн айынын үчүндө башталды. Ал башында тынчтык иретинде болду.

Полиция жана Улуттук гвардия нааразычылык билдирүүчүлөргө каршы курал колдонгон эмес.

Бирок андан кийин чагымчылардын үнүн башаламандык менен тартипсиздикке чакырган тополоңчулардын добушу басып кетти. Топту курал-жарак, темир, Молотов коктейлдери кармаган бандиттер жана террористтер жетектеди.

Бандалардын тобу талап-тоноого киришти. Уюшкан террористтер курал-жарак дүкөндөрүнө кол салып, сабалган полиция менен аскерлердин атайын коргонуу каражаттарын тартып алышкан.

Террорчулар дыкаттык менен даярданышкан. Биринчи кезекте алар шаардын акимчилик имараттарын жана Алматы телеканалдарынын кеңселерин басып алып, талкалап салышкан. Борбордук телевидение аркылуу бир нече жолу түз эфирге чыгууга аракет кылган. Чек арачылар Көктөбөдөгү телемунарага жасалган эки чабуулдун мизин кайтарды.

Аэропорт жана бир нече учактар ыкчам түрдө басып алынды. Бардык басып алынган объектилерде баррикадалар жана посттор орнотулду.

Полиция департаменти имаратына чабуул жасалды. Террорчулардын арасында атайын мылтыктары бар снайперлер да болгон.

Көзөмөл камералары, байланыш, аудио жана видео өткөргүч куралдары талкаланган.

Алар негизинен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бутага алышкан. Жада калса жаш курсанттын башын кесип алган факты да катталды. Азыркы учурда 18 кызматкердин каза тапканы белгилүү болду.

Террорчулар менен күрөшүүгө алгач күч жетишсиз болду. Бир катар аймактарда оор кырдаал түзүлүп, кошумча күчтөрдү тартуу кыйындады.

Мунун баары кыргындар, талап-тоноолор, карапайым калкты, күзөтчүлөрдү, аялдарды, кары-картаңдарды ур-токмокко алуу менен коштолду.

Улуттук коопсуздук келишим уюму боюнча төмөндөгүлөрдү айткым келет.

Уюмга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоо контингенти киргизилди. Бул тынчтыкты сактоо миссиясы. ЖККУнун аскерлери согуштук аракеттерге катышпайт жана террористтерди жок кылуу менен алектенбейт.

Үчтүн айынын 6да шаарды тазалоо операциясынын аскер бөлүгү Коргоо министрлигинин «Арыстан», «Арлан», «Бүркүт» бөлүктөрү тарабынан жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Уюмдун тынчтыкты сактоо миссиясы коргоо жана күзөтүү кызматтарын аткарышат.

Операциянын натыйжасында шаардын бардык административдик имараттары террористтерден тазаланды. Террорчулар жок кылынды жана кармалды. Азыр алардын өздүгү такталып жатат. Алардын экстремисттик уюмдарга тиешелүү болушу да каралууда.

Алматылыктардан шаарда кыймылды чектөөнү суранабыз. Учурда кылмыштуу топторду издөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө бардык аймактарда тартип орноду. Кырдаал калыбына келди. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам.

Баарыңыздарды Казакстанды биргелешип кадимки жашоого кайтарууга чакырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков