Коорупция менен күрөш: пара бергендер менен алгандар катуу жазага тартылат

Коомго терең сиңип калган коррупцияны жок кылуу. Бул кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн максаты. Пара бергендердин эң төмөнкү чектелген айып пулу эки эсе көбөйдү. Эгерде кимде-ким мамлекеттик кызматкерге акча берүүнү кааласа, мамлекеттик казынага паранын 10-20 эселенген суммасын төлөөгө милдеттендирилет. Ошол эле учурда, паракорчулукка ортомчулук кылган адамдар да бирдей өлчөмдө айып пул төлөшү керек.  Аны менен катар, пара алгандар мурдагыдай эле, түрмөгө киргизилет. Кошумчалай кетсек, быйыл бул кылмыш үчүн жаза өтөө мөөнөтү дагы узартылды.

ОЛЖАС БЕКТЕНОВ, РКНЫН КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ИШ-КЫЙМЫЛ АГЕНТТИГИ ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

 - Буга чейин жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган боюнча ири өлчөмдө пара бергендиги үчүн 5 жылга эркинен ажыратуу көздөлүп, бул аракет орто даражадагы кылмыш болуп эсептелген. Ал эми жаңы редакцияда жазанын эң жогорку чеги 7 жылга чейин узартылды. Эми ал оор кылмыш иши болуп эсептелет. Бул шарттуу түрдө эркинен ажыратууга тыюу салуу жана жазаны дароо күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөө мүмкүн эмес дегенди билдирет.