Бөгенбай урпактары баатыр бабаларынын туулгасын аскердик-тарыхый музейге тапшырды

Бөгенбай урпактары баатыр бабаларынын туулгасын аскердик-тарыхый музейге тапшырды

Бөгенбай баатырдын туулгасы борбордогу аскердик-тарыхый музейден орун алды. Буга чейин экспонат даңктуу баатырдын жетинчи урпагы Жабай Кенжалиндин колунда сакталып келген. Эми музейдин фондуна салтанаттуу түрдө тапшырылды. Адистердин айтымында, баатырдык менен эрдиктин башаты болгон байыркы экспонат өзгөчө тарыхый баалуулукка ээ. Казактын улуу колбашчысы үч жүз аскерин жетектеп, элдин эгемендиги үчүн күрөшкөндүгү жалпыга маалым. Андыктан иш-чара өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып жатканы бекеринен эмес. Айта кетсек, баатыр каза болгондон кийин анын жеке курал-жарактарынын айрымдары үй-бүлөсүндө үч кылым бою ыйык эстелик катары сакталып, муундан-муунга мурас болуп өтүп келген. Эми ар бир казакстандык атактуу инсандын баш кийимин көрө алат.

Марат Нагыманов, «Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери» республикалык коомдук бирикмеси төрагасынын орун басары:

- Бул бардык Казакстан калкы үчүн, айрыкча жаш муундар үчүн маанилүү. Анын мекен үчүн жасаган бардык эрдиктери жаш муундарга үлгү. Биз ар дайым ата-бабаларыбыздын, баатырларыбыздын эмгегин эстешибиз керек. Ошентип, бүгүн эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилеп жатып, 3000 жылга умтулушубуз керек. Түбөлүк өлкө - бул абдан жакшы идея. Бул максатта бардыгыбыз эмгектенүүгө тийишпиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков