Казакстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча курулган мектептердин саны көбөйдү

Казакстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча курулган мектептердин саны көбөйдү

Казакстанда эгемендүүлүктүн 30 жылында эки миңге жакын мектеп салынды. 2025-жылга чейин дагы миң объекттин курулушу мерчемделүүдө. Алардын жүздөн ашыгы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» долбоорунун алкагында курулган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим вице-министри Бибигүл Асылова билдирди. Анын айтымында, быйыл өлкөдө эки жүздөн ашык жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Бибигүл Асылова, РКнын Билим берүү жана илим вице-министри:

- Биз акимчиликтер менен биргеликте кайсы көчөдө, кайсы конушта, кайсыл жерде орун бөлүнөөрүн, кайсыл жылдары кандай мектеп курулаарын аныктап чыктык. Бештин айында акимчиликтер тиешелүү документтерди даярдоого киришип, ошол план боюнча жаңы объектилердин курулушун катуу камсыз кылууга тийиш. Казакстан боюнча 101 мектепти курууга жана 101 мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча 30 келишим түзүлдү. Алардын үстүндө иштөө азыр ар кандай этапта жүрүп жатат.

Адистердин айтымында, өлкөдө мектеп курулушунун ылдам өсүүсү окуучулардын санынын жыл сайын көбөйүшүнө байланыштуу. Маселен, быйыл мектепти 150 миң бүтүрүүчү аяктап, 400 миңге жакын бала биринчи класска кабыл алынган. Ошентип, 2025-жылга чейин өлкө бир миллионго чейин кошумча жаңы билим берүү мекемелерине муктаж болушу мүмкүн. Бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн Мамлекет башчысы жаңы форматтагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.

Бибигүл Асылова, РКнын Билим берүү жана илим вице-министри:

- Эгемендүүлүк жылдарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында өлкөдө 4 гана мектеп курулган. Бул албетте өтө кичинекей көрсөткүч. Өткөн жылы биз бул маселени кеңири изилдеп чыкканбыз. Жыйынтыгында Нур-Султан шаары менен биргеликте билим берүү тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун жаңы механизмин иштеп чыктык. Биздин негизги максатыбыз – аталган долбоорлорду эң кыска мөөнөттө куруу, ошондой эле, документтердин санын кыскартуу, буга кошумча эки компонентти киргиздик.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун жаңы форматы алкагында ички жана чет элдик инвесторлор, курулушчулар тартылат. Эгерде билим берүү жагы мамлекетте калса, объектти техникалык пайдалануу жеке өнөктөшкө жүктөлөт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин мектеп муниципалдык менчикке өтөт. Адистердин айтымында, мындай ыкма жергиликтүү бюджетке болгон суроо-талапты азайтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков