Казакстандын кинофестивалы Франция, Бельгия жана Люксембургда өтүп жатат

Казакстандын кинофестивалы Франция, Бельгия жана Люксембургда өтүп жатат

Парижде Казакстан киносу фестивалы өтүп жатат. Өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара Томирис тасмасы менен ачылды. Бул тарыхый блокбастер Францияда биринчи жолу чоң экранда көрсөтүлдү.

Арно Нгатча, Париж мэринин орун басары:

- Казакстан киносунун фестивалы маданий байланыштарга негизделген Париж менен Нур-Султандын ортосундагы кызматташтык келишиминин уландысы.

Айжан Лайжи, актриса:

- Чоң экрандагы кинолорду, фестивалдарды, көрүүчүлөр менен түз баарлашууну эл да, мен да абдан сагындык деп ойлойм. Айрыкча тасмадан кийин көрүүчүлөрдүн таасирлерин көрүү. Бул эргүү алуу үчүн, жаңы чыгармачылык идеяларга каныгуу, дүйнөлүк тенденцияларды түшүнүү үчүн абдан маанилүү деп эсептейм.

Спектаклдер Страсбургда, Брюсселде жана Люксембургда өткөрүлөт. Бештин айынын 16на чейин француз көрүүчүлөрүнө Сатыбалды Нарымбетовдун «Аманат», Адилхан Ержановдун «Сары мышык», Эрмек Шынарбаевдин «Казак тилинин сабактары» чыгармалары, Диордун шыктандыруучусу – Алла Ильчун тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт.

Андрэ Иванов, Казакстан киносунун Француз бирикмесинин президенти:

- Франция ар түрдүү өлкөлөрдүн таланттарын бүткүл дүйнөгө көрсөткөн. Алардын арасында мен төрөлгөн өлкөнүн жарандары да бар. Канн, ВезУль, КабУрг, НАнт фестивалдарынын аркасында көптөгөн казакстандык кинорежиссёрлор Францияда, кийинчерээк башка мамлекеттерде да атактуу болушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков