Казакстанда киберкоопсуздук дарамети артты

Казакстанда киберкоопсуздук дарамети артты

Киберкоопсуздукту камсыз кылуу. Казакстанда бул жараян бардык деңгээлде ийгиликтүү ишке ашырылууда. Натыйжада өлкө киберкоопсуздук боюнча дүйнөлүк рейтингде 9 тепкичке көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин ичинен 31-орунда турат. Өлкөлөрдүн бул көрсөткүчтөрүн баалоодо эл аралык серепчилер бир катар маанилүү критерийлерди эске алышкан. Анда мыйзамдардан тарта атайын органдардын ишмердүүлүгүнө чейин камтылган. Адистер тармактагы коопсуздук деңгээлинин жогорулашына атайын кызматтардын иши жана ага тиешелүү ири инвестиция салган жеке компаниялардын арасында кибер кылмыштуулукту жакшыртуу боюнча мерчемделген иш-аракеттери себеп болгонун айтышат.

Евгений Питолин, «TerraLink» кибер коопсуздук тажрыйбасынын мүдүрү:

- Мен бардык уюмдарга колдоо көрсөтүү сыяктуу демилгени айткым келет. Бул Казакстандагы кибер чабуулдарды талдоо жана өнүктүрүү борборунун демилгеси болду. Программа ири компанияларга киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү кемчиликтерин же көйгөйлөрүн жашырууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, аларды үчүнчү тараптын көзөмөлдөөчүлөрү аркылуу өз убагында аныктоого, жабык режимде отчёт берүүгө жана мүчүлүштүктөрдү өз убагында оңдоого мүмкүндүк берет. Дал ушул факторлордун жыйындысы жана мамлекет менен жеке компаниялардын айкалышы бүтүндөй өлкөдө кибер коопсуздуктун дараметинин артуусуна мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков