Германия коомчулугу казак маданияты менен таанышты

Германия коомчулугу казак маданияты менен таанышты

Германиянын тургундары Казакстандын маданияты менен таанышты. Белгилей кетсек, иш-чара Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду. Келген коноктор 3D форматындагы инновациялык видео-инсталляциялардын жардамы менен өлкөнүн кооз жаратылышын көрө алышты. Ата мекендик өнөрпоздор салттуу ырлар менен катар заманбап чыгармаларды да аткарышты. Кеченин көркүн казакстандык дизайнерлер тартуулаган фэшн-шоу ачты.

Карлыгаш Карипова, уюштуруучу:

- Бул жерде биз кийимдерди жана дизайнерлерди гана эмес, ошондой эле, Казакстандын жаратылышын, сүрөтчүлөрдүн өнөрүн, Казакстандын өнөр адамдарын тааныштырууну көздөдүк. Ошон үчүн бардыгы абдан ыраазы болуп, Казакстанда да ушундай бүгүнкү кече сыяктуу иш-чаралар болсо деген пикирлерин айтышты.

Ян Штайнхарт, көрүүчү:

- Бул сонун кече болду: музыка, атайын эффекттер жана мода көргөзмөсү. Окуяга бай программа. Берлинде мындай шоуну көп көрө бербейсиң. Мага эркектердин кийимдери жакты. Кооз жана саркеч костюмдар. Өмүрүмдө биринчи жолу казак музыкасын уктум.

Которгон: Илгиз Жамалбеков