Ата мекендик каскадёрлор жаңы бийиктиктерди багындырууда

Ата мекендик каскадёрлор жаңы бийиктиктерди багындырууда

Экшн трюктары менен дүйнөнү багындырган казакстандык каскадёрлор жаңы чектерди багындырууга бел байлады. Жергиликтүү дублёрлор Болливуддагы масштабдуу долбоордун тартылуусуна катышууга ниеттенүүдө. Учурда алар жасалма трюктардын сериясын даярдап жатышат. Долбоор буйрутма берүүчү тарабынан жактырылса, кийинки жылы тартуу иштери башталат. Андагы татаал жана таасирдүү көрүнүштөргө 5 казакстандык жана 30 индиялык каскадёр катышары макулдашылган.

Жайдарбек Күнгожинов, Nomad Stunts эл аралык каскадёрлор тобунун жетекчиси:

- Бул жолу мен экшн мүдүр катары чакыруу алдым. Тактап айтканда, өзүмдүн командам, операторлор тобу менен экшн көрүнүштөрдү башынан аягына чейин тартууну ишенип тапшырып жатат. Бул биз үчүн чоң баа деп ойлойм. Бул масштабдуу жана татаал долбоор. Тасма Индия менен Пакистандын ортосундагы согуш учурундагы ата менен баланын окуясын баяндайт. Анда махабат темасы бар, деген менен окуя желеси негизинен кызыктуу. Сюжетте атасы уулун уруштардан алыс кармоого аракет кылат.

Nomad Stunts тобунун курамында Казакстандан тышкары Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Орусия, Украина, Болгария, Германия жана Австриянын кесипкөй адистери кирет. Эл аралык курам «Токтобостон-2», «Ронин», «Жапайы-Конон», «Моңгол» «Мулан», «Көчмөндөр», жана «Томирис» сыяктуу тасмалардагы иштери менен кеңири таанымал. Алардын аткарган уникалдуу экшн трюктары дүйнөлүк киноиндустриянын ардагерлери жана сынчылары тарабынан жогору бааланууда. Жакында топтун мүчөсү Алия Искакова Канаданын беделдүү кино жана телевидение академиясынын атайын сыйлыгын жеңип алды.

Жайдарбек Күнгожинов, Nomad Stunts эл аралык каскадёрлор тобунун жетекчиси:

- Канадада иштеп жүргөндө ага Кунг-фу аттуу сериалдагы каармандын дублёр ролун сунушташкан. Анын эмгеги жогору бааланды. Мындан эки жума мурун ал «Мыкты трюктар» жана «Мыкты каскадёр» номинациялары боюнча ат салышып, сыйлыкка ээ болду.

Дүйнөлүк деңгээлде таанымал блокбастерлерде өзгөчө өнөрлөрү жана кынтыксыз иштери менен дүйнөгө таанымал казакстандык экшн чеберлерине көбүнчө чет элдик ири кинокомпаниялардан жана атактуу режиссёрлордон кызматташуу үчүн сунуштар көп түшөт. Мисалы, келерки жылы Голливуддун долбооруна катышуу мерчемделген. Каскадёрлор тарыхый жана заманбап кино тасмалардын татаал трюктарында актёрлорго дублёр болуп, тасмага көрк кошуп келишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков