Казакстан Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы Улуу Британия парламенти коомдор палатасында белгиленди

Казакстан Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы Улуу Британия парламенти коомдор палатасында белгиленди

Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Британия парламентинин коомдор палатасында белгиленди. Лорддор жана депутаттар фундаменти чыңдалып, экономикалык дарамети жогорулаган казак элине ийгиликтерди каалашты. Улуу Британия Казакстандын стратегиялык өнөктөшү, ири инвесторлордун бири. Акыркы 30 жылдын ичинде көптөгөн тармактарда эки тараптуу мамилелер түзүлүп, өз ара кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Боб Стюарт, Улуу Британия Парламенти коомдор палатасынын депутаты:

- Казакстандын 30 жыл ичиндеги жетишкендиктери таң калтырат. Улуу Британиянын өзүндө алгачкы жылдарда мындай прогресс болгон эмес деп ойлойм. Кемчиликсиз демократияга айланышыбыз үчүн 800 жыл керек болду. 1991-жылы СССР ыдырап, Казакстан эгемендик алгандан бери татаал маселелерди чечип келет.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Казакстандын 30 жылдыгы: Ойгонгон Улуу Талаа» китеби коомчулукка тартууланды. Ал Көз карандысыз Казакстандын түрдүү мезгилдерине арналган таасирлер жыйынтыгынан турат. Өлкө тарыхы, саясий, экономикалык жана билим берүү тармагындагы реформалар, инвестиция, тышкы саясаттагы жетишкендиктер, маданият, туризм – баары камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков