Казакстан Швейцария менен кызматташтык аянтын кеңейтет

Казакстан Швейцария менен кызматташтык аянтын кеңейтет

Казакстан менен Швейцария тейлөө борборлорун, кайра иштетилген термопластика чыгаруучу завод салып, биргелешкен айыл чарба фондун жана мал чарба комплексин курушат. Тараптар жалпы наркы 300 миллион долларлык алты келишимге кол коюшту. Бул Женевадагы инвестициялык тегерек столдун жыйынтыгы болду. Муну менен катар, Нур-Султандан Базелге түз авиакаттам ачуу макулдашылды.

Михаэль Швин, «EuroAirport Basel Mulhouse Freiburg» компаниясынын вице-президенти:

- Швейцариянын үч ири аэропортунун бири Базелде жайгашкан. Эл аралык аэропорт деген макамга ээ. Эми бул шаар менен Нур-Султан шаарынын ортосунда түз авиакаттам ачалы деп жатабыз. Бул аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы туризм, соода жана транспорт тармагындагы байланыштарды бекемдөө мерчемибиз бар. Азырынча бул өз ара түшүнүшүү меморандуму гана. Бирок албетте, бул келечекке жасалган олуттуу кадам. Казакстан биз үчүн Азиядагы эң тартымдуу рыноктордун бири.

Белгилей кетсек, Казакстан менен Швейцарияны узак мөөнөттүү стратегиялык жана инвестициялык өнөктөштүк байланыштырып турат. Аталган мамлекет акыркы 15 жылда өлкө экономикасына 28 миллиард доллар инвестиция салган. Өз кезегинде Казакстан Швейцарияга 840 миллион доллардан ашык инвестиция багыттаган. Бүгүнкү күндө Казакстанда 200дөн ашык швейцариялык компания ийгиликтүү иш алып барат.

Дмитрий Абильдин, икра өндүрүү компаниясынын мүдүрү:

- Швейцария жана жалпы европалык рынок Казакстандын сапаттуу өнүмүнө кызыктар. Биздин өнүмдөр экологиянын жогорку стандарттары үчүн бааланат. Биз Швейцария тарабынан мүмкүн болуучу каржылоо боюнча меморандумга кол койдук. Алар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Бул жөн гана соода компаниясы эмес. Алар 40 жылдан ашык убакыттан бери осётр балыктарынын икрасын өндүрүү менен алектенип келишет.

Мындан тышкары, Швейцария менен казакстандык Казвак вакцинасын каттоо, өндүрүү жана Түштүк Америка, Африка жана Европа мамлекеттерине ташуу боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу меморандумга кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков