«Көңүлдүн асыл ачкычы» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

«Көңүлдүн асыл ачкычы» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Абайдын «Көзүмдүн карасы», Акан Серинин «Караторгай» ырларын казакстандык жана чет элдик жеткинчектер аткарышты. Буга «Көңүлдүн асыл ачкычы» аттуу эл аралык чыгармачылык сынак түрткү болду. Обондуу иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Чет элдиктер сынакка онлайн түрдө катышты. Туңгуч Президент күнүнө карата салтка айланган ыр сынагында ырлары Эл Башынын сөздөрүнө жазылган жана казак эл ырлары жеке, топ менен жандуу үн, ошондой эле, домбра менен аткарылды. Эске салсак, быйыл 200гө жакын арыз келип түшкөн. Алардын арасында Индонезия, Түркия, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандан катышуучулар бар. 12 жаштан 17 жаш аралыгындагы эки тайпада тандалып алынган ышкыбоздордун үчтөн бир бөлүгү финалга чыкты. Акыркы этапта төрт номинация боюнча 30 жеңүүчү жана бир баш байгенин ээси аныкталды. Белгилей кетсек, 2015-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынакка 3 миңден ашуун жаш ырчылар катышкан.

Ботагөз Кайыпова, РКнын Туңгуч Президенти – Эл Башы китепканасы мудүрүнүн орун басары:

- Сынактын бир өзгөчөлүгү атайын музыкалык өнөр менен алектенген балдардын эле эмес, жалпы билим берген мектептердин окуучулары арасында өткөрүлгөн мелдеш. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн айтымында, балдардын аткарган ырларында өзгөчө энергия дайыма сезилип турат. Алар өздөрүнүн аткаруусунда Мекенге, руханий мураска, өз элине болгон жылуу сезимдерин билдиришет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков