Аскар Мамин ЭКУ азык-түлүк коопсуздугу программасын иштеп чыгууну сунуштады

Аскар Мамин ЭКУ азык-түлүк коопсуздугу программасын иштеп чыгууну сунуштады

Казакстандын Премьер-министри Экономикалык кызматташтык уюмунун азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасын иштеп чыгууну сунуштады. Аскар Мамин бул демилгени Экономикалык кызматташтык уюмунун Ашхабаддагы 15-саммитте көтөрүп чыкты. Ал өз сөзүндө Казакстандын уюмга мүчө өлкөлөр менен жалпы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын 9 айында 31%га, же 8 миллиард доллардан ашканын белгиледи. Программада агроөнөр жай комплексинде биргелешкен өндүрүш жараяндарын түзүү каралгандыгын кошумчалады. Ошондой эле, Казакстандын Премьер-министри COVID-19 чакырыктарын жана пандемиядан кийинки мезгилдин стратегиялык милдеттерин эске алуу менен өлкөнүн экономикасын биргелешип өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады. Аскар Мамин Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транзиттик, транспорт жана айыл чарба тармагындагы кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков