Дубайда Казакстандын маданият күнү өтөт

Дубайда Казакстандын маданият күнү өтөт

Дубайда Казакстандын маданият күнү өтөт. Бул тууралуу баш калаага туризм тармагында кызматташуу боюнча атайын келишимге кол коюу үчүн келген Бириккен Араб Эмираттарынын туристтик уюмунун жетекчиси Лейла Раххал Эль-Атфани билдирди. Баяндамачыга Казакстандын борбору өзгөчө таасир калтырган. Ал шаардын туристтик аймак катары өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт. Лейла Раххал Эль-Атфани айрыкча эки өлкөнүн медайымдары, ишкер айымдардын ортосунда байланыш түзүүнү жана түрдүү иш-чараларды уюштурууну көздөөдө. Ага ылайык, Казакстанда Бириккен Араб Эмираттарынын бир күндүк иш-чарасы өткөрүлөт. Анын айтымында, ушул сыяктуу маданий иш-чара эки тараптын кызматташтыгын дагы да арттырат.

Лейла Раххал Эль-атфани, БАЭ Туристтик уюмунун жетекчиси:

- Казакстан абдан кооз жер, ал эми Нур-Султан анын жүрөгү. Бул жерде көптөгөн иш-чараларды өткөрүүгө болот. Борбордун кооздугун көрүш үчүн бул жакка туристтерди алып келүүнү мерчемдеп жатабыз. Биздин өлкөдөн Казакстанга кызыккандар көп экени талашсыз. Биз Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Казакстандын маданият күнүн өткөрүүнү көздөп жатабыз. Иш-чарага маданият, искусство жана чыгармачылыкта эмгектенген айымдарды чакыруу мерчемделген. Алар менен бизнес маселелерин талкуулап, макулдашууга жетишебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков