Казакстан менен Өзбекстан аймак аралык кызматташтыгынын III форуму

Казакстан менен Өзбекстан аймак аралык кызматташтыгынын III форуму

Түркестанда Казакстан менен Өзбекстандын аймактар аралык кызматташуусунун III форумунун алкагында 54 инвестициялык жана коммерциялык келишимдерге кол коюлду. 611 миллион доллардан ашык каражат унаа жасоого, айыл чарбага, курулуш материалдарына, электротехникага, медициналык буюмдарга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат. Муну менен катар жыйындын жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, транзиттик-транспорт, суу-энергетика, өнөр жай кызматташтыгы, туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууланды. Белгилей кетсек, жыл башынан бери эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 3 миллиард долларга жеткен. 2022-жылы эки тараптуу соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга, кийинки 5 жылда 10 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков