Мектептерде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу

Мектептерде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу

Өлкөдөгү миңден ашык билим берүү мекемелерине сигнал кнопкалары орнотулуп, 700дөн ашык билим берүү мекемелери 24 сааттык лицензиясы бар күзөт кызматына өткөрүлдү. Кошумчалай кетсек, өлкөнүн бир жарым миңден ашык шаардык жана райондук мектептери Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруу борборуна кошулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Балдардын укугун коргоо комитетинин башкы серепчиси Тимур Кастуганов билдирди. Анын айтымында, балдардын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин жана ага жооптуу органдарынын негизги милдети. Ошол эле учурда мугалимдер жана окуучулар өзгөчө кырдаалдарда же башка коркунучтарда кандай иш-аракет кылуу керектигин билиши үчүн атайын алгоритм иштелип чыгууда. Бул бардык окуу жайлары үчүн коюла турган жалпы талаптардын тизмеси. Ал кийинки жылы сунушталат деп мерчемделүүдө.

Тимур Кастуганов, РКнын Билим берүү жана илим министрлигинин балдырдын укуктарын коргоо комитетинин башкы серепчиси:

- Азыркы учурда мыйзам чыгаруу кызматы алкагында ага тиешелүү органдар менен биргелешип иштелип чыгууда. Бул атайын аракет алгоритмин иштеп чыгууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана албетте тажрыйбалуу адистер жаатынан сунуштарды бере турган мугалимдер жана серепчилер катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков