Беларуста «Qazaq. Алтын адам тарыхы» тасмасынын бет ачары өттү

Беларуста «Qazaq. Алтын адам тарыхы» тасмасынын бет ачары өттү

Казакстандын тунгуч Президенти жөнүндө «Qazaq. Алтын адам тарыхы» тасмасы Минск шаарында «Листопад» кинофестивалынын алкагында көрсөтүлдү. Тасмада Нурсултан Назарбаев өзүнүн жашоосу жана заманбап тарыхтагы маанилүү окуялары – Советтер Союзунун кулашы, Семей полигонунун жабылышы, ошондой эле эл аралык аренадагы азыркы ролу менен бөлүшөт. Тасманы белгилүү америкалык кинорежиссер, үч жолку Оскар сыйлыгынын ээси Оливер Стоун продюсерлик кылып, эл аралык тасма тартуучу топ иш алып барган. Тасманын музыкалык жасалгасы көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Картинаны музыка менен кооздоо казак элинин салттуу музыкасы боюнча алдыңкы эл аралык серепчи Карло Силиоттонго ишенип тапшырылган.

Игорь Кобзев, «Qazaq. «Алтын адам тарыхы» тасмасынын продюсери:

- Бизге чейин Нурсултан Абишулынын Шушкевич, Кравчук, Ельциндер болгон Беловеж токоюна эмнеге келбей калганын эч ким билчү эмес. Мына ушул тууралуу биздин тасмада ал биринчи жолу айтып жатат. Теле премьерага чейин ачык айткым келбеген бир катар нерселер да бар. Биздин фильмдин биринчи телевизиялык нускасы Казакстанда көрсөтүлөт. Деген менен, биздин тасма дүйнөдөгү көрүүчүлөр арасында суроо-талапка ээ экенин белгилей кетүү керек. Мен италиялыктарды ыйлап жатканын көрүп таң калдым. Себеби казакстандыктарсыз бул кино болмок эмес.

Игорь Лопатенок, «Qazaq. Алтын адам тарыхы» тасмасынын режиссеру:

- Эмне үчүн бул Минск үчүн кызыктуу болушу мүмкүн – анткени Белорус менен казак элинин тарыхында жалпылыктар көп, менимче, элдердин орток кызыкчылыктары да бар. Ал эми Нурсултан Назарбаев кандай жөнөкөй болсо, Александр Григорьевич Лукашенко да Беларус жарандарынын арасында да ошондой деп ойлойм.

Жакынкы арада казакстандыктар тасманын 8 сериясынын түп нускасын көрө алышат. Белгилей кетсек, учурда тасма Оскар сыйлыгына ат салышып, учурда

алгачкы музыкалык номинациясын жеңип алды. Белорустан кийин тасманын кинематографиялык сапары Бириккен Араб Эмираттарында, Францияда, Германияда, Жапонияда жана Кытайда уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков