Өзбекстан Казакстандын айыл чарба тармагындагы тажрыйбасына кызыкдар

Өзбекстан Казакстандын айыл чарба тармагындагы тажрыйбасына кызыкдар

Өзбекстан Казакстандын айыл чарба тармагындагы тажрыйбасына кызыкдар. Коңшу өлкөнүн ишкерлери азыркы учурда Казакстандын 6 долбооруна жигердүү катышууда. Алардын арасында инновациялык күнөскана лампалары, ветеринардык пробиотиктер бар. «Навои» эркин экономикалык аймагы дирекциясынын жетекчиси Хабиб Абдуллаевдин айтымында, Өзбекстан суу менен электр энергиясын үнөмдөөчү жана альтернативдик булактарды колдонгон технологияларга кызыкдар. Бул жагынан Казакстан алда канча алдыда. Мындай ыкманы жергиликтүү дыйкандар чарбаларынын бардык жеринде колдонуп жатышат, дешет адистер.

Хабиб Абдуллаев, Навои эркин экономикалык аймагы дирекциясынын башкы мүдүрү:

- Өзбекстан соңку бир нече жылда гана дүйнөгө толук ачылды. Буга чейин биздин экономикабыз жабык болчу. Бул жаатта, албетте, Казакстан бизден бир нече кадам алдыда. Анткени, Казакстанда инвестициялык климатты либералдаштыруу жана жакшыртуу жараяны эрте башталган. Ошондуктан биз көп учурда Казакстандын планы менен аткарып келебиз жана бул бизди мындан ары тыгыз байланыштырат. Казакстандык компаниялар өздөрүнүн чечимдерин бизге экспорттой алышат. Ал эми локализацияга келсек, бул экинчи деңгээлдеги маселе. Мага алар абдан прогрессивдүү жана эң негизгиси суроо-талапка ээ болуп сезилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков