Бут-кийимди санариптик маркалоо

Бут-кийимди санариптик маркалоо

Санариптик маркалоону киргизүү бут кийимдин баасына таасир этпейт. Ата мекендик өндүрүүчүлөр маркаланган этикеткалардын баасы болгону 4 теңге экенин белгилешет. Алардын айтымында, мындай жаңычылдык дүкөн текчелеринде сатылып жаткан бут кийимдердин сапатына таасирин тийгизет. Себеби, азыр ар бир керектөөчү сатып алган бут кийими тууралуу бардык маалыматты биле алат. Этикеткада же таңгакта Data Matrix коду көрсөтүлөт. Анда буюмдун кандай материалдан жасалганы, анын өлчөмү жана түсү, ошондой эле, бут кийим өндүрүүчүсү тууралуу толук маалымат берилет.

Мухаммедхайдар Сейит, Санариптик экономиканы өнүктүрүү долбоорунун жетекчиси:

- Маркалоо коду – бул эки өлчөмдүү код, башкача айтканда Data Matrix түрүндө берилген, бул бир жагынан QR-кодго окшош алфавиттик-санариптик ырааттуулук болуп саналат. Жалпысынан алганда, маркалоо кодун эч ким өзгөртө албайт. Ошондой эле, жалган маалыматтарды киргизүү мүмкүн эмес. Себеби, бул кодду калыптандыруу учурунда криптографиялык коргоо стандарттары колдонулат.

Дана Каражанова, бут кийим фабрикасынын каржы мүдүрү:

- Бут кийимди маркалоо өндүрүшчүгө колдоо иретинде Казакстанда бут кийим чыгарууну көбөйтөт деп ишенебиз. Алгач пилоттук долбоорго катышканбыз. Андан соң жетинин айынын 1нен баштап бут кийимдерди маркалоо иштери башталды. Алгач 3000 жупка буйрутма түштү.

Бүгүнкү күндө Казакстанда бут кийимдин 48 пайызга жакыны көмүскө рыноктун үлүшүнө тиешелүү. Data Matrix эс тутуму чоң болгондуктан, санариптик белгилөөнүн киргизилиши ар бир жуп бут кийимди тең салмактоого мүмкүндүк берет.

Ульяна Нургалиева, Алматы шаары боюнча МКД Бажы башкармасынын башкы адиси:

- Импорттоочулар Казакстан Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлгөн бут кийимди Казакстан Республикасынын аймагына ташып келүү же бажы жол-жобосуна жайгаштыруу алдында маркалоону камсыз кылууга милдеттүү. Өз товарларын маркалоо үчүн импорттоочулар, декларанттар бажы органынан уруксат алышы керек. Башкача айтканда, ал аракет этүү аймагында бажы кампасы жайгашкан Мамлекеттик кирешелер департаментине кайрылат.

Серепчилер жетинин айынын 1не чейин өлкөгө алынып келинген бут кийимдерге башка товарлардай эле жөнөкөйлөтүлгөн система менен маркалоого болорун түшүндүрүшөт. Аларды келерки жылдын чын куран айынын 1не чейин сатууга уруксат берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков