Казакстанга 30 жылда 1,5 миллион этникалык казак кайтып келген

Казакстанга 30 жылда 1,5 миллион этникалык казак кайтып келген

Мындан туура 30 жыл мурда, жетинин айынын 18де чет өлкөдөгү этникалык казактарды Казакстанга көчүрүү тууралуу КазКСР өкмөтүнүн токтому кабыл алынган. Ата журтка жол ачкан ошол күндөн бери Казакстанга 1,5 миллиондон ашык адам кайтып келди. Алдыдагы убакытта улуу көч башталган күнгө өзгөчө макам берилиши мүмкүн. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев Улуттук коомдук ишеним кеңешинин 6-жыйынында билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: «Ауыт Мукибек жана башка коомдук ишмерлер Улуу Көчтүн тарыхый ролун эске алып, өзгөчө датаны белгилөө керектигин айтып жүрүшөт. Өкмөткө бул тарыхый күндү маанилүү даталардын жылнаамасына киргизүү маселесин карап чыгууну жана тиешелүү сунуш киргизүүнү тапшырам».

Тарыхый документти даярдоого катышкан Марат Токсанбаев ошол жылдары 14-15 министрлик менен дароо келишим түзүлгөнүн эске салды. Ал ошондой эле мекендештерди өлкөгө тартуу жараянын жакшыртуу, квоталардын санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Анткени алар башынан эле мекен мага эмне берет эмес, мен мекенге эмне берем деп келет, - дейт ал.

Марат Токсанбаев, «Мекендештер фонду» КЕАК Фронт кеңсесинин координатору:

- Акыркы жылдарда 80ден ашык илимдин докторлору, 220дан ашык илимдин кандидаттары болду. Алардын баары бул өлкөнүн билим тармагында, маданият тармагында эмгектенип жүрүшөт. Менин сунушум - квоталардын санын көбөйтүү, колдоо көрсөтүү керек деп ойлойм. Азыр, маселен, жаштар тарабынан кабыл алынган Билим берүү жана илим министрлигинин өзүнүн долбоору бар. Ал жыл сайын жаштарды тартуу. Атайын квота берилип жатат. Анын саны дагы да көбөйө берсе экен дейбиз. Чет өлкөдөн көп балдарды тарта турган болсок, эртең алар ата-энелерин, чоң ата-чоң энелерин алып келишет деп ойлойм.

Айта кетсек, быйылкы жылдын башынан жетинин айынын 1не чейин 15 903 адам тарыхый мекенине кайтып келип, этникалык казак макамын алган.

Быйыл этникалык казактардын 76,3% Өзбекстандан, 9,5% Кытайдан, 6,1% Түркмөнстандан, 2,5% Монголиядан жана 5,5% башка өлкөлөрдөн келген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков