Казакстанда балдарга тамак берүүнү уюштуруу жөнүндө китеп иштелип чыкты

Казакстанда балдардын туура тамактануусу боюнча ата-энелер үчүн колдонмо иштелип чыккан. Ал алты айдан үч жашка чейинки наристелерди тамактандыруу боюнча практикалык кеңештерди жана адистердин кеңештерин камтыйт. Долбоорду ишке ашырууга ЮНИСЕФтин жана Казакстандын Аялдар Күчтөрү Альянсынын колдоосу менен Улуттук Саламаттыкты Сактоо Борборунун адистери катышты. Иштеп чыгуучулардын айтымында, китептеги бардык маалыматтар казак жана орус тилдеринде электрондук форматта берилген. Басмаканадан басма түрүндө чыгаруу жакынкы айларда мерчемделүүдө. Андан кийин медициналык уюмдарга, билим берүү мекемелерине жана жергиликтүү аткаруу органдарына таратылат. Долбоордун негизги максаттарынын бири - жаш жана тажрыйбасыз ата-энелерди балдарын кичинесинен туура тамактанууну уюштурууга үйрөтүү болуп саналат дешет серепчилер.

НАТАЛЬЯ ЮШИЦИНА, БАЛДАРДЫН ЖАНА АЯЛДАРДЫН ДЕН-СООЛУГУН ЧЫҢДОО БОЮНЧА ДОЛБООРДУН КООРДИНАТОРУ:

 - Борбордук Азиянын, Кавказдын аймагында мындай китеп азырынча жок, ал эми бул китептин долбоору Казакстанда гана бар. Китепте туура тамак бышырууга, идиштин кандай курамда даярдалышы керектигин, эмнеден, кандай азыктарды, кандайча иштетилиши керектигин, балага кандай формада берилиши керектигин аныктаган рецепттер камтылган. Ошентип, 6 айдан баштап кошумча тамактандыруу жүргүзүлүп, бала тамактанууга өтөт, балага 2 жаштан баштап эмчек эмизбөө сунушталат.