Казакстанда авиарейстердин баасы кымбаттады

Казакстанда авиарейстердин баасы кымбаттады

Казакстанда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менен катар аба каттамдарынын баасы да жогорулады. finprom.kz маалымдагандай, ата мекендик авиакомпаниялардын кызматтары болжол менен 9% өскөн. Аймактар арасында баанын өсүшү айрыкча Түркестан облусунун тургундарына сезилди. Облуста баалар акыркы бир жылда 30 пайызга жогорулаган. Кызылорда жана Мангыстау облустары да алдыңкы үчтүккө кирди. Өлкөнүн 17 облусуна салыштырмалуу Түндүк Казакстан облусунда гана баалар өткөн жылдын тогуздун айындагыдай эле сакталган. Ал эми өлкөнүн үч облусунда, атап айтканда, Павлодар, Батыш Казакстан жана Акмола облустарында баанын төмөндөөсү байкалат. Жалпысынан адистер жүргүнчүлөрдү ташуу пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келе жатканын айтышат. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-аяк оона айларында авиакомпаниялардын кирешеси 265,7 миллиард теңгеге жетти, бул бир жылдын ичинде дээрлик эки эсе көп. Кирешенин басымдуу бөлүгү жүргүнчүлөрдү ташуудан, ал эми жүк ташуудан 13 миллиарддан ашык каражат келип түшкөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков