Түштүк Корея тургундарын Казакстандын искусствосу менен тааныштыруу

Түштүк Корея тургундарын Казакстандын искусствосу менен тааныштыруу

Казакстандын сүрөтчүлөрүнүн эмгектери бир эле учурда Түштүк Кореяда өткөн бир нече көргөзмөгө коюлду. Маселен, Соннам шаарында искусствонун онунчу ачылышында Виктор Мун менен Евгений Кимдин эмгектери сунушталды.

Шин Ми Сон, Соннам искусство фестивалынын төрагасы:

- Сүрөттөр абдан сонун жана биздин оюбузча, терең маани жатат. Ошондой эле, эки өлкөнүн салттарынын окшоштугу да сезилет. Соннамдын белгилүү сүрөтчүлөрү Казакстанга келип, маданий алака түзүшүн каалайт элем.

Пэ Джон Юн, көргөзмөнүн уюштуруучусу:

- Казакстандын маданияты терең жана көп кырдуу, ошондуктан корейлерди казакстандык сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы менен тааныштыруу үчүн бул мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан кубанычтамын. Алардын сүрөттөрү реалдуу, эмоциялар жакшы берилген.

Ал эми Борбор Азиялык сүрөтчүлөрдүн «Кулпуланган убакыт» деген аталыштагы көргөзмөсүндө Маржан Бакытбекованын «Ковид» жана «Каршы туруу» сүрөттөрү менен Маруа Байтурсынованын «Бүркүтчү» композициясы коюлду.

Сон Дже Хо, көргөзмөнүн уюштуруучусу:

- Негизи Корея менен Казакстандын окшоштуктары көп. Казак сүрөтчүлөрүнүн 5 түстүү түс схемасы Кореяда мурда салттуу оймо-чиймелерди өткөрүү үчүн абдан популярдуу болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков