Бокс боюнча Казакстан курамасы Сербия чемпионатынан кайтып келди

Бокс боюнча Казакстан курамасы Сербия чемпионатынан кайтып келди

Казакстандын бокс боюнча курама командасы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Olympic.kz порталынын маалыматына ылайык, чемпиондорду борбор калаанын күйөрмандары жылуу тосуп алышты. Белгилей кетсек, Белградда өткөн мелдеште казакстандык мушкерлер эки алтын, эки күмүш жана бир коло медалга ээ болушкан. Башкы машыктыруучу Кайрат Сатжановдун жетекчилиги астында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгында команда жалпы медалдык таблицада экинчи орунду ээледи.

Сакен Бибосынов, бокс боюнча дүйнө чемпиону:

- Дүйнө чемпиону деген атакка ээ болдум. Бул менин гана жеңишим эмес, ата-энемдин, машыктыруучуларымдын, казак өлкөсүнүн, казак элинин аркасында ушундай натыйжага жетиштим. Алдыдагы мелдештерде өлкөбүзгө жалаң алтын тартуулоо үчүн талыкпай эмгектенебиз.

Темиртас Жүсипов, бокс боюнча дүйнө чемпиону:

- Рингге чыкканыбызда бүт Казакстан бизге күйөрман болуп, катуу колдоп турганы сезилди. Ушундай чоң колдоо көрсөткөндөрүңүз үчүн ыраазычылыгымды билдирем!

Которгон: Илгиз Жамалбеков