Европада казакстандыктарга арналган концерт өттү

Европада казакстандыктарга арналган концерт өттү

Дүйнөгө таанымал айтылуу трио – эже-сиңди Накыпбековалар Парижде концерт коюшту. Иш-чара Германия, Швейцария, Улуу Британия жана Монакодогу казакстандыктарды чогултту. Артисттер Франциядагы Казакстандыктар ассоциациясынын чакыруусу менен барган. Белгилей кетсек, эже-сиңди Накыпбековалар Карагандыда төрөлгөн. Музыканттар азыр Лондондо жашашат. Алар дүйнөнүн эң мыкты сахналарында өнөр көрсөтүп келишет. Казакстандан көчүп кеткендерине көп болсо да, өнөр ээлери мекен менен байланышы үзүлбөй турганын айтышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков